• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Май куюучу жайлардын биринде дизель отунун литри 60 сомдон сатылат

Экономика 0

Бишкек, 04.06.22. /Кабар/. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду сатуучу дизель отунунун баасы айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө үчүн макулдашылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, КР министрлер кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 181-р буйругунун 3-пунктуна ылайык, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле республиканын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана жайкы дизель отуну менен камсыз кылуу максатында КР Экономика жана соода министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду линиясы аркылуу дизель отунун литрине 60 сомдон сатуу баасын макулдашты.

Дизель отуну “Альфа Ойл” ЖЧКсынын (Ред петролеум) май куюучу станциясында талон аркылуу сатылууда.

Пикир

Оставить комментарий