• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумунун жыйынтыгы боюнча ЖМКларга билдирүү жасады

Өкмөт 0

Бишкек, 10.02.24./Кабар/. Анкара шаарына (Түркия Республикасы) расмий сапар менен келген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-отурумунун жыйынтыгы боюнча Жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасады.

Анда МинКаб Төрагасы төмөнкүлөрдү белгиледи:

Урматтуу Вице-президент,

Урматтуу журналисттер,

Бүгүн Түркия Республикасынын Вице-президенти, менин кымбаттуу бир тууганым, урматтуу Жевдет Йылмаз мырза менен биздин өлкөлөрдүн ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 11-отурумунда тең төрагалык кылдык.

Биринчиден, боордош түрк тарабына менин расмий сапарымды жана Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумун жогорку деңгээлде өткөргөндүгү жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирем.

Комиссиянын жыйыны эки элдин тарыхынын, маданиятынын, тили менен дининин жалпылыгына негизделген бир туугандык жана салттуу достуктун, сый-урматтын жана өз ара түшүнүшүүнүн духунда өткөнүн канааттануу менен белгилегим келет.

Экономикалык кызматташтык эки тараптуу кыргыз-түрк мамилелеринде артыкчылыктуу багыты болуп саналат.

Түркия Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын тышкы соода түзүмүндө өзгөчө орунду ээлейт.

Биздин сүйлөшүүлөрдүн негизги темаларынын бири соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө кыргыз-түрк кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү болду.

Учурда биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлинде турат, бул өз кезегинде биздин мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык жактан кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн жана перспективаларын ачат деп ойлойм.

Бүгүнкү Комиссиянын кезектеги 11-отуруму быйыл урматтуу пландаштырылып жаткан Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган мырзанын Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик сапарын даярдык көрүү максатында өткөрүлүп жатат.

Урматтуу катышуучулар,

Мындай иш-чаралар эки өлкө үчүн маанилүү, анткени биргелешкен аракеттер менен гана сооданын көлөмүн көбөйтүүгө, анын ичинде ишканаларды түзүүгө, инвестицияларды тартууга жана жалпы экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга болот.

Жалпыбызга маалым болгондой, өз ара инвестициялар өлкөлөр ортосундагы экономикалык кызматташтыктын маанилүү факторлорунун бири болуп саналат.

Инвестициялык чөйрөдө Кыргызстан айыл чарба, энергетика, жеңил өнөр жай, кайра иштетүү жана тоо-кен өнөр жайларын камтыган ар түрдүү тармактарда кызматташууну түркиялык ишкерлерге Комиссиянын алкагында болуп өткөн бизнес-форумда сунуштадык.

Аталган бизнес-форумга Кыргыз Республикасынан дагы келген ишкерлерибиз катышып, жыйынтыгында алардын бир катар контракттарга кол коюлду.

Өз кезегимде, биз түрк инвесторлорунун бардык демилгелерин колдоого жана аларга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даярдыгыбызды билдирем.

Мындан тышкары, Комиссиянын жыйынтыгында 2024-2025-жылдарга эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу кызматташтыгын илгерилетүүгө «Жол картасы» боло турган жаңы Иш-чаралар планына кол коюлду. Ошону менен бирге, энергетика жана транспорт тармактарында эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Жалпысынан өкмөттөр аралык комиссиянын бүгүнкү жыйынында соода-экономикалык кызматташтыкты гана эмес, жалпы биздин боордоштук мамилелерибизди жаңы баскычка чыгарууга жардам бере турган эң актуалдуу маселелерди талкууладык деп ойлойм.

Сөзүмдүн аягында боордош Түркия Республикасы менен ар тараптуу иштешүүгө болгон умтулуубузду түрк элинин макалы менен ырастагым келет: “Аач япрагыйла, инсан достуйла гюзельдир” (котормосу – Дарак жалбырагы менен, адам досу менен кооз).

Көңүл бурганыңыздарга ыраазычылык билдирем”.

Пикир

Оставить комментарий