• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Нарын шаарынын Москва, Жайлообак аймактарындагы жолдор асфальтталды

Аймак 0

Бишкек, 27-июль /Кабар/. «Бишкек-Нарын-Торугарт» унаа жолундагы Нарын шаарынын Москва, Жайлообак участкаларындагы жолдор асфальтталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Кыргызстан менен Кытайды байланыштырып турган бул жол каттам Нарын шаарынын Москва, Жайлообак аймактарынан өткөндүктөн, шаар ичиндеги жолдорго, «Бишкек-Нарын-Торугарт» транзиттик жолун оңдоого бөлүнгөн акча каражатынын эсебинен асфальттоо иштери бүткөрүлүп, реконструкция жумуштары аяктоо алдында турат.

Ошондой эле, аталган аймактардагы жөө адамдар үчүн аллеялар жасалып, арыктарга лотоктор жаткырылып, керектүү жол белгилери орнотулуп, №7 М.Сыдыков орто мектебине баруучу негизги жолдун тушуна жаңы заманбап светофор коюлду.

Муну менен бирге Нарын шаарынын инфраструктурасынын жакшырышына, шаар тургундарынын жолдо жана көчөдө жүрүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий