• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө курорттук кызматтарга баанын негизсиз өсүшүнө жол бербөө маселеси талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 04.07.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө курорттук кызматтарга баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө маселеси талкууланды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришкендей, 3-июлда Ысык-Көлда аталган кызматтын төрагасынын орун басары А.Мамыралиев, Ысык-Көл облусунун жетекчилиги, айыл өкмөт башчыларынын жана мамлекеттик жана жеке менчик түрүндөгү санаториялык-курорттук мекемелердин жетекчилеринин катышуусу менен жолугушуу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө социалдык жактан маанилүү товарларга жана тамак-аш азыктарына, санаториялык-курорттук кызматтарга баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө боюнча маселелер талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө Чолпон-Ата шаарынын мэри жана ЖӨБО башчылары менен да жолугушуу өткөрүлдү.

Жыйынтыгында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, жарнама жана социалдык мааниге ээ товарларга бааны турукташтыруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жаатында биргелешкен иш-чараларды өткөрүү чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий