• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусунда “Арсенал” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында ок атуучу курал-жарактарды мыйзамсыз сактоону аныктоо, коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле кылмыштуулуктун алдын алуу максатында “Арсенал” аталышындагы комплекстүү алдын алуу рейд иш-чарасы өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара үстүбүздөгү жылдын 18-февралынан 31-мартка чейин өтөт.

Аталган иш-чарага Чүй облусунун ички иштер органдарынын коомдук коопсуздук кызматынан, кылмыш иликтөө кызматынан жана Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлеринен 300дөн ашуун кызматкерлер тартылган.

Рейддин жүрүшүндө курал-жарак сактаган 2 жеке күзөт аганттиги, 498 газ травматтык курал сактаган жарандар жана 1852 аңчылык сүйүүчүлөр текшерилди. Анда укук бузуулар боюнча 85 протокол толтурулду. Андан сырткары, 13 ок атуучу курал-жарак алынган, алардын 8и сайсыз курал, 5 газ травматтык курал-жарактар. Милиция кызматкерлери тарабынан 53 миң сомдон ашуун айыптар салынган. Ошондой эле 2 газ травматтык курал, 2 кесилип даярдалган курал жана 50дөн ашуун ар түрдүү калибрдеги ок-дарылар алынып, ал боюнча 4 жаран кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Жарандар тарабынан милиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен 11 сайсыз курал-жарак тапшырылган.

Чүй ОИИББы ок атуучу куралды (аңчылык сайсыз куралды жана анын ок-дарыларын кошпогондо), ошого тете ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатып өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартыларын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий