• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда мамлекеттик башкарууда эркектерге караганда аялдар аз — Статком

Коом 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда мамлекеттик башкарууда эркектерге караганда аялдар аз. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын башында мамлекеттик башкаруу тармагында эркектер үстөмдүк кылган (мамлекеттик кызматкерлердин жалпы санынан 39% аялдар, 61% эркектер).

Алардын ичинен саясий жана атайын кызматтарда аялдар 24%ды, эркектер 76%ды түзгөн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында муниципалдык кызматкерлердин жалпы санынын 37%ын гана аялдар түзөт.

Мамлекеттик органдардын ичинен Мамлекеттик каттоо кызматында (69%), Улуттук статистикалык комитетте (73%) жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде (72%) аялдар көбүрөөк. 2021-жылдын башында Жогорку Кеңештин 120 депутатынын ичинен 20 гана депутат же 17%ы аялдар болгон.

Пикир

Оставить комментарий