• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Атада өзгөчө баалуу айыл чарба жерлери мамлекетке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Ысык-Ата районунда өзгөчө баалуу айыл чарба жерлери мамлекетке кайтарылды. Анын жалпы аянты 17,8 гектарды түзөт. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аталган айыл чарба жерлери Новопокровка айылында жайгашкан. Алар "А.-Г." аталышындагы жеке коммерциялык ишкана тарабынан көп жылдан бери мыйзамсыз пайдаланылып келген.

Райондук прокуратура тарабынан Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө талап киргизилип, суммасы 34 млн 18 миң сомдук айыл чарба жерлери мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий