• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңеш “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин 14-марттагы жыйынында "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

Демилгечилер Жогорку Кеңештин депутаттары — Нарматова Н.А., Айжигитов С.А., Исаева Дж.К., Садырбаева Ж.Э., Култаева Г.О., Кыдыкбаев Ж.С., Сулайманов К.К., Ханджеза К.Л., Коргонбай уулу Ж., Маткеримов А.Т., Сарыбашов Т.Н., Исмаилов Ф.Д., Кенжебаев А.Б., Матраимов И.И., Мамасадыков З.Д., Ражабалиев Н.А., Малиев А.К., Токторбаев Ж.Ш., Түмөнбаев А.Т.

Мыйзам долбоорун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова тааныштырды.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоору коммерциялык эмес уюмдардын, анын ичинде чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ошондой эле чет өлкөлүк өкүл катары иш алып барган жана чет өлкөлүк булактардан каржыланган коммерциялык эмес уюмдардын - чет мамлекеттердин, алардын мамлекеттик органдарынын, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардын, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын же болбосо көрсөтүлгөн булактардан акча каражаттарын жана башка мүлктү алуучу ыйгарым укуктуу адамдардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын, айкындуулугун камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий