• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тарых музейинде мамлекеттик ишмер Болот Мамбетовдун элесине арналган экспозиция ачылды

Коом 0

Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Бүгүн, 5- декабрда Улуттук тарых музейинде көрүнүктүү саясий жана мамлекеттик ишмер Болот Мамбетовдун элесине арналган туруктуу экспозиция ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага маданият министри Алтынбек Максутов, президенттин аадминистрациясынан Октябрь Капалбаев, бир катар көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмерлер жана Болот Мамбетовдун жакындары катышты.

Иш-чарада сөз алып сүйлөгөндөр Болот Мамбетовдун тарыхтагы ордун, эл үчүн кылган эбегейсиз эмгектерин эскеришип, мамлекет үчүн, кийинки муун үчүн өтө зор иштерди жасаганына токтолушту.

Белгилей кетсек, Болот Мамбетов 1907-жылы 5-майда Ысык-Көл облусунун Тоң районунда туулган. Бала чагы 1916-жылдагы үркүн окуясына туш болуп, оор турмушту башынан кечирген.

1935-жылы Москвадагы гидротехникалык инститту аяктап, инженер-иригатор адистигине ээ болгон. Эмгек жолун Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда суу инженери болуп иштөөдөн баштаган.

1936-жылы Ошко облусу боюнча Кыргызстандын 14 районун, Өзбекстандын 3 районун бириктирген республикалар аралык ирригациялык башкармалыктын жетекчиси болуп дайындалган.

1940-жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин катчысы, 1945-жылы Кыргызстан КП Фрунзе обкомунун жана шааркомунун биринчи катчысы, 1954-жылы Кыргыз ССР Суу чарба министри, 1961-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болуп дайындалган.

Болот Мамбетов мамлекеттик жоопту кызматты аркалап турган учурунда Республикадагы бир катар ири ГЭСтер, Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндөгү темир бетон конструкцияларын жасоочу заводдор, Кант цемент-шифер комбинаты, Канттагы цемент заводу, Фрунзе ТЭЦи, Фрунзе бут-кийим фабрикасы, Фрунзе сүт заводу, Токмоктогу консерва заводу, Нарын жана Жумгалдагы эт комбинаттары, Оштогу дөңгөлөк оңдоочу заводу ж.б. ири иш-каналар ишке кирген. Макмал, Талды-Булак, Жер-Үй жана Кум-Төр кендери ачылган.

Пикир

Оставить комментарий