• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте автобус менен троллейбустун катышуусунда жол кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Бишкектеги Байтик Баатыр-Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде автобус менен троллейбустун катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, жүргүнчүлөрдүн арасында жабыркагандар жок.

Инспекторлор жеринде окуянын чоо-жайын тактоодо. Коомдук транспорт айып короосуна киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий