• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин мектеп окуучулары шахмат боюнча чемпиондор менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Бишкектеги №101 жана №81 мектептердин окуучулары Кыргызстандын Шахмат федерациясынын вице-президенти Съездбек Таштекеев жана анын балдары, шахмат боюнча чемпиондор менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, спортчулар шахмат боюнча мастер-класс көрсөтүштү. Ал эми окуучулар алар менен баарлашып, жетишкендиктери жана ийгиликтери менен шыктанышты.

Мастер-класстан кийин дароо балдар чемпиондорго өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, жооп алышты. Коноктор спортко кантип келип калганын айтып, жаш муундарга кеп-кеңештерин айтты.

Пикир

Оставить комментарий