• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көл облусунда бир түндө эки ирет жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 22.11.22./Кабар/. Ысык-Көлдө бир түндө эки ирет жер титиреди, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 22-ноябрь күнү саат 03:26да Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ак-Суу районунун Ак-Булун, Совет айылдарында 3,5 балл, Нововознесеновка, Жыргалаң, Боз-Учук, Качыбек, Ак-Булак айылдарында, Түп районунун Сары-Телегей айылында 3 балл, Токтоян, Кең-Суу, Каркыра айылдарында, Ак-Суу районунун Ичке-Жергез, Отрадное айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ушул эле күнү 04:34тө Ысык-Көл облусунда очогунда күчү 3 баллга жеткен дагы бир жер титирөө катталды. Жер титирөө Ак-Суу районунун Совет, Кызыл- айылында 3 балл, Ак-Чий, Ак-Булак, Нововознесеновка, Ак-Булуң айылдарында, Түп районунун Сары-Телегей айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий