• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда жолдорго соккуга каршы буферлер орнотулууда

Коом 0

Бишкек, 15.08.23. /Кабар/. Кыргызстанда жол кырсыктарын алдын алып, адам өлүмүн болтурбоо максатында жолдорго соккуга каршы буферлер орнотулууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда иштер эки тилкеде жүрүп, Бишкек - Кара-Балта унаа жолуна 50 даана, ал эми Бишкек - Нарын-Торугарт жолуна 100 даана буфер коюлуп жатат. Кум толтурулган атайын челектин бийиктиги 80 см, диаметри 55 смди түзүп, салмагы 200 кг жетет.

Жолдун ортосундагы тосмолордун баш-аягына коюлуп жаткан атайын челектер ачык түскө ээ болуп, түн ичинде да алыстан көрүнөт.

Кырсык болгон учурда буферлер соккуга жана деформацияга туруштук бере алат, бул унааларга келтирилген зыянды азайтып, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылат.

Пикир

Оставить комментарий