• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ: 9244 кожолук жана 7871 га чарба аянттары табигый кырсыктардан корголду

Коом 0

Бишкек, 05.08.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин негизги милдеттеринин бири табигый кырсыктарды алдын алуу болуп саналат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

КР ӨКМ тарабынан жылына табигый кырсыктарды алдын алуу жумуштары жүргүзүлүп келет. Аталган иш-чара 2 багытта жүрөт: капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү жумуштары, экинчи багытта: атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу.

Капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү алкагында коргоочу курулмаларды куруу, жээктерди бекемдөө жумуштарынын 2021-жылга карата болжолдуу-планына 37 объектте иш мерчемделип, 7 ай ичинде 30 объектте жумуш жүргүзүлгөн. Натыйжада биринчи багыт боюнча 13 объект пайдаланууга берилип, 2 темир бетон порог, 4664 пм (погондук метр) дамба курулду. Жыйынтыгында 3469 кожолук жана 5016 га айыл чарба аянттары табигый кырсыктардан корголду.

Ал эми алдын алуунун экинчи багыты - “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чараларын 2021-жылдагы Болжолдуу-планына 304 обьект киргизилип, 2021-жылдын 7 ай ичинде республика боюнча 186 обьекте иш-чаралар жүргүзүлүп, 147 объектиде иш бүткөн жана 19 объектиде иштер улантылууда. Аткарылган иш-чаралардын натыйжасында: 5775 кожолук жана 2855 га чарба үлүш жерлер, 8 мектеп, 3 бала бакча, 4 ФАП, 4 мечит, 1 стадион, 8 ички чарбалык көпүрө, 1 дача, 1 фабрика жана 1 административдик имарат корголду.

Жалпысынан 341 объектиде жумуш жүргүзүү мерчемделип, 216 объектиде жумуш жүрүп, 160 объектиде жумуштар бүткөн. Натыйжада жалпысынан 9244 кожолук жана 7871 га чарба аянттары, 8 мектеп, 3 бала бакча, 4 ФАП, 4 мечит, 1 стадион, 8 ички чарбалык көпүрө, 1 дача, 1 фабрика жана 1 административдик имарат корголуп жана 2 темир бетон порог, 4664 пм (погондук метр) дамба курулду.

Пикир

Оставить комментарий