• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте №5 муниципалдык мончо бүгүндөн тарта иштей баштайт

Коом 0

Бишкек, 24.10.17./Кабар/. Бишкекте №5 муниципалдык мончо бүгүндөн тарта иштей баштайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мончо үстүбүздөгү жылдын 3-июлунда оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн убактылуу жабылган болчу.

“Мончодо толугу менен оңдоп-түзөө иштери жасалды. Келгендерге ыңгалдуу болушу үчүн атайын унаа токтотуучу жайы да ачылды. Мончо бүгүн, 24-октябрдан тарта өз ишин мурдагыдай улантат”,-деп айтылат маалыматта.

Муниципалдык №5 мончо 1968-жылы курулуп, Гагарин №74 көчөсүндө жайгашкан. Иштөө убактысы таңкы саат 08:00дөн тарта кечи 20:00 чейин.

Пикир

Оставить комментарий