• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Бишкекте жашыл аймакка унаасын токтоткон үч айдоочуга айып салынды

Коом 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Бишкекте жашыл аймакка унаасын токтоткон үч айдоочуга айып салынды. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирет.

Маалыматка ылайык, мэриянын муниципалдык инспекциясы жана жол кыймылын көзөмөлдөө кызматы биргелешип жүргүзгөн рейд учурунда Фрунзе көчөсү, 416 дареги боюнча жашыл аймакка унааларын токтоткон жарандар аныкталды.

Аларга карата КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 179-беренесинин 2-бөлүгү менен протокол түзүлүп, үч жаранга ар бирине 5500 сомдон жалпы16 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынган:

- айдоочу Б.А.- 5500 сом;
- айдоочу Б.Т. - 5500 сом;
- айдоочу Н.Т. - 5500 сом.

Бишкек мэриясы жарандардан унааларын жөө адамдар өтүүчү тротуарларга жана көрктөндүрүлгөн жерлерге (жашыл аймакка) токтотпоону суранат.

Пикир

Оставить комментарий