• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда былтыр 40 миңге жакын түгөй баш кошсо, 9 миңден ашуун үй-бүлө ажырашкан

Коом 0

Бишкек, 19.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2020-жылы 39 миң 944 түгөй баш кошкон. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2019-жылы ЖААК бөлүмү 49 миң 395 баш кошкон жубайларды каттады, бул 9 миң 451 каттоого көп.

Каттоо кызматынын статистикалык маалыматына таянсак, 2020-жылы 9 миң 150 түгөй ажырашкан.

2019-жылдын ушул эле мезгилинде - 10 миң 995, башкача айтканда, 1 миң 845ке көбүрөөк. 2019-жылы 2020-жылга караганда нике жана ажырашуу каттоосу "көбүрөөк катталды", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө никени жана ажырашууну каттоонун жол-жобосу жөнөкөйлөтүлдү. Эми мурунку жубайлардын бири ЖААК бөлүмүнө ажырашуу жөнүндө арыз жазса, экинчиси кийинчерээк кайрылса, анда ал маалымат ажырашуу жөнүндө акттын мурунку биринчи кайрылуунун каттоосуна киргизилет.

Мындан тышкары, жубайлардын бирөөсү сот тарабынан дайынсыз жоголду, аракетке жөндөмсүз деп табылды же кылмыш жасагандыгы үчүн үч жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон учурда, анын жубайынын талабы боюнча ажырашууну мамлекеттик каттоо жол-жобосун жөнгө салган эреже киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий