• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Navi Taxi`ге айып салды

Коом 0

Бишкек, 11.01.24. /Кабар/. Монополияга каршы органга маалыматты өз убагында жана толук бербегендиги үчүн Navi Taxi`ге 13 миң сом айып пул салынды, деп билдирет Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы.

Маалыматка ылайык, такси кызматынын рыногуна талдоо жүргүзүү максатында, КРнын "Атаандаштык жөнүндө" Мыйзамынын 14, 15-беренелердин негизинде кызмат "Алабель АНБМ" ЖЧКсынан (Navi Taxi) 2020-2022-жылдарга карата керектүү маалыматтарды сураган.

"Алабель АНБМ" ЖЧКсы суралган маалыматты өз убагында жана толук көлөмдө берген эмес.

Пикир

Оставить комментарий