• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абаддагы таксидеги атышуу. Шектүүлөрдүн дагы экөө кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 11.01.24. /Кабар/. Жалал-Абадда адам өлтүрүүгө аракет жасагандар кармалды, деп билдирет облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Окуя 2023-жылдын 29нан 30-августуна караган түнү болжол менен саат 23:00дөн 00:30га чейинки аралыкта болгон.

30 жаштагы С.Н. аттуу жаран өзүнүн шериги 29 жаштагы Б.Б. менен чогуу Жалал-Абад шаарынан Daewoo Nexia 2 үлгүсүндөгү такси жалдап, Сузак районунун Мундуз айылында бара жатышкан. Жолдо Hyundai Getz автоунаасынын келатканын көрүшүп, артынан таксини айдатып, С.Н. аттуу жаран белгисиз ок атуучу курал менен астындагы автоунаага 2-3 жолу ок чыгарган.

Hyundai Getz унаасынын ичинде 29, 25, 24 жана 30 жаштагы төрт жигит болгон.

Аталган окуя боюнча топтолгон материалдар Сузак райондук милициясынын тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинин ("Адам өлтүрүүгө аракет жасоо") негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү делип 30 жаштагы С.Н. жана 29 жаштагы Б.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Облустук милициянын маалыматына таянсак, кармалгандардын бири, тактап айтканда, С.Н. аттуу жаран буга чейин бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ал эми шектүүлөрдүн экинчиси, Б.Б. буга чейин мал уурулук, бейбаштык беренелери менен соттолуп, азыркы күндө уурулук боюнча 2025-жылга чейин пробацияда жүргөн.

Белгилей кетсек, аталган окуяда эки тарап бири-бирине ок чыгарып, буга чейин Hyundai Getz үлгүсүндөгү автоунаада бараткан балдар кармалып, Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп, материал соттун кароосуна жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий