• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын БУУдагы өкүлчүлүгү куралсыздандыруу жаатында иш-чара уюштурду

Коом 0

Бишкек, 02.03.23. /Кабар/. Кечээ, 1-мартта Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү уюмдун куралсыздандыруу иштери боюнча Департаменти менен биргеликте Куралсыздануу жана жайылтпоо жаатындагы эл аралык агартуу күнүнө арналган иш-чара уюштурду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага КР тышкы ведомствосунун башчысы Жээнбек Кулубаев, БУУнун Башкы ассамблеясынын төрагасы Чаба Кёрёши, БУУнун Башкы катчысынын орун басары, куралсыздануу маселелери боюнча Жогорку өкүлү Изуми Накамитцу, ошондой эле 200дөн ашуун БУУга мүчө мамлекеттердин, илимий чөйрөлөр, жаштар жана ММК өкүлдөрү катышты.

Министр Ж.Кулубаев өз сөзүндө Эл аралык күндү жыл сайын белгилөө билим берүү иштерине, куралсыздануу жана жайылтпоо маселелерин жалпы билим берүү программаларына киргизүүгө оң түрткү болорун баса белгиледи. Мындан тышкары, жарандык коом, илимий чөйрө жана массалык маалымат каражаттары бул ишке салым кошо ала тургандыгы белгиледи.

БУУнун Башкы ассамблеясынын төрагасы жана БУУнун Башкы катчысынын орун басары Эл аралык күндү жарыялоо демилгеси үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирип, ошондой эле жыл сайын белгиленүүчү куралсыздануу жана ядролук куралдарды жайылтпоо саясатына чоң салым кошот деген ишенимин билдирди.

Эске салсак, 2022-жылдын 7-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясы Кыргызстандын демилгесин бир добуштан колдоп, резолюция кабыл алып, ага ылайык 5-март Куралсыздануу жана жайылтпоо жаатындагы эл аралык агартуу күнү деп жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий