• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖЭБдеги авария. Бишкекте жылуулук системасы кыска мөөнөттө калыбына келтирилет

Коом 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. Бишкек Жылуулук электр борборундагы жарылуунун кесепеттери кыска мөөнөттө калыбына келтирилет. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ЖЭБдеги жарылуу болжолдуу түрдө котельный цехте болгон. Учурда авариянын келип чыгуусун кырсыктан кийин түзүлгөн ыкчам штаб иликтеп жатат. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен жарылуунун себептери аныкталат. Бул боюнча кошумча маалымат берилет.

"Жеринде ЖЭБдин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана энергетиктердин жамааты иштеп жатат. Кыска мөөнөттө Бишкек шаарынын жылуулук системасын кайра калыбына алып келебиз деп ойлойбуз. Шаардыктарды электр энергия менен камсыздоодо маселе жаралбайт жана үзгүлтүксүз берилет”, - деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүн түндө ЖЭБде жарылуу болуп, шаардын жылуулук системасы үзгүлттүккө учураган.

Пикир

Оставить комментарий