• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзгөчө абал: Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Бишкек шаарынын соттору ишин токтотту

Коом 0

Бишкек, 27.03.20./Кабар/. Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Бишкек шаарынын соттору өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу өз ишин токтотот. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Гүлбара Калиеванын төрагалыгы астында видеоконференц байланыш аркылуу өткөн кеңешмеде кабыл алынды.

Мындан сырткары, Чүй облустук соту менен Чүй райондор аралык соту дагы ишин убактылуу токтотот. Бул соттордун ишмердүүлүгү бир жумага токтотулат.

"Ошону менен катар эле, соттордо судьялар менен аппарат кызматкерлеринин кезектешүү менен иш алып баруусу уюштурулат",- деп айтылат маалыматта.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 14 адам аныкталды. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 58ге жетет.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам Бишкек, Жалал-Абад шаарыларында, ошондой Жалал-Абад облусунун Сузак, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунда 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий