• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эл жазуучусу Мелис Абакиров дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 29.01.24./Кабар/. Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады.

Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, 3-даражадагы “Манас” орденинин ээси Мелис Абакиров 84 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спортт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Жазуучу Чүй районунун Бурана айылында 1940-жылы 15-мартта туулган.

1963-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1963-жылы мугалим болуп иштөөдөн баштаган.

-1965–1970-жж. Ысык-Көл облусундагы Тоң райондук «Эмгекчил» гезитинде адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу катчы, редактордун орун басары;

-1970–1971-жж. «Ленинчил жаш» гезитинин бөлүм башчысы;

-1971–1979-жж. «Советтик Кыргызстан» гезитинин адабий кызматкери, өз кабарчысы, жооптуу катчынын орун басары;

-1979–1985-жж. Кыргыз ССРинин Мамлекеттик басма комитетинин башкы редактору;

-1985–1988-жж. «Мектеп» басмасында бөлүм башчы, 1988-жылдын август айынан «Адабият» басмасынын башкы редактору;

-1992–1998-жж. ушул басманын директору;

-1998–2005-жж. «Акыл» акционердик коомунун төрагасынын орун басары – «Кыргызстан» басма үйүнүн башкы редактору;

-2004-жылдын декабрь айынан 2007-жылдын мартына чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун катчысы болуп иштеген, өзгөчө эмгек сиңирген пенсионер.

Пикир

Оставить комментарий