• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дзюдочу Эрлан Шеров өлкөнүн эмгек сиңирген спортчусу болду

Спорт 0

Бишкек, 29.01.24. /Кабар/. Дзюдо боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрүнө спорттук наамдар ыйгарылды, деп билдирет Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы.

Спортчуларга наамдарды маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары — Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов тапшырды.

  • Ислам Баялиновго “Ардагерлер арасында Эл аралык даражадагы спорт чебери наамы”;
  • Эрлан Шеровго “Эмгек сиңирген спортчу” наамы;
  • Кыял Амантуровага “спорт чебери” наамы ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий