• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сак болуңуз! Президенттин маалымат катчысынын атын жамынган шылуундар пайда болду

Коом 0

Бишкек, 27.03.24. /Кабар/. Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзовдун атын жамынган шылуундар пайда болду. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Алагөзовдун маалыматына караганда, айрым шылуундар анын атынан мамлекеттик органдарга телефон чалып, алар үчүн ар кандай керектүү техника сатылып алынганын айтып, терминал аркылуу бажы төлөмдөрүн төлөөнү талап кылышууда.

"Мындан тышкары, дагы эле менин атыман шылуундар биринчи айым Айгүл Жапарованын иш-чараларын уюштуруу үчүн акча чогултуп жаткандыгы тууралуу маалыматтар түшүүдө.

Мындан улам, пресс-катчынын милдетине финансылык төлөмдөрдү, каржылык операцияларды жана сатып алууларды жүргүзүү таптакыр кирбестигин дагы бир ирет баса белгилеп айта кетейин.

Сак болсоңуздар, мына ушул сыяктуу махинацияларга алданбасаңыздар. Эгерде маалыматтан күмөн санасаңыздар, аны кайра текшерип, тактаңыздар. Же болбосо менден сураңыздар.

Өзүңүздөргө жана акча каражаттарыңызга сак болуңуздар!", – деди президенттин басма сөз катчысы.

Пикир

Оставить комментарий