• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда жылан уусунун ири партиясын сатуу аракетине бөгөт коюулду

Укук тартиби 0


Бишкек, 16.08.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда жылан уусунун ири партиясын сатуу аракетине бөгөт коюулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Сатуу максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү" беренеси боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын алкагында күчтүү уулуу зат "Gurza – vipera Leberetna turaniga" ири партиясын сатуу аракети токтотулду.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Ала-Бука районунун Ала-Бука айылынын аймагында аталган заттын 500дөн ашык ампуласын (1 ампула 5 г) сатып жаткан жеринен 1 чет мамлекеттин жараны жана 3 Кыргыз Республикасынын жараны кармалды.

Такталгандай, күчтүү жыландын уусунун партиясы коңшу мамлекеттердин биринен Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз алынып келингендиги аныкталган. Кармалган зат фармакологияда жана медицинада, ошондой эле синтетикалык дарыларды өндүрүүдө колдонулат. 1 грамм гюрза уусунун баасы көмүскө базарларда 300дөн 600 долларына чейин бааланат.

Кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий