• 88.68
  • 95
  • 0.95

КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары. Кыргызстан медалдык эсепте 7-орунду ээледи

Спорт 0

Бишкек, 16.08.23 /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 4-августунан 14-августуна чейин Беларустун 10 шаарында өткөн КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында Кыргызстан медалдык эсепте 7-орунду ээледи.

Жалпысынан өлкө 27 медалга татыды. Анын ичинен 1 алтын, 8 күмүш жана 18 коло.

Оюндарда биринчи орунду Россия ээлеп, 288 медаль утту. Анын 149у алтын, 89у күмүш жана 50ү коло .

Экинчи орунга жалпы 236 медаль менен беларустар жайгашты. Анын 48и алтын, 78и күмүш жана 110 коло.

Ал эми үчүнчү орунду 106 медаль менен Өзбекстан ээледи. Анын 28и алтын, 25и күмүш, 53ү коло медаль

Кыргызстандын сыйлыктары:

Грек-рим күрөшү

  • Улан Муратбек уулу (55 кг чейин) - күмүш
  • Нурмухаммед Абдуллаев (60 кг чейин) – коло
  • Баяман Каримов (63 кг чейин) - коло
  • Самат Аманат (67 кг чейин) – коло
  • Ырысбек Максатбек уулу ( 77чейин) – коло
  • Адилхан Нурланбеков (72кг чейин) коло

Оор атлетика

  • Муратбек Ишенбек уулу (67 кг чейин) – коло

Эркин күрөш

  • Мухамадрасул Салиев (57 кг чейин) - коло
  • Абдымалик Карачов ( 61 кг чейин) – коло

Кыз-келиндер күрөшү

  • Нурзат Нуртаева (72 кг чейин) - алтын
  • Дилназ Сазанова ( 65 кг чейин) – күмүш
  • Бермет Нуридин кызы (59 кг чейин) - коло

Бокс

  • Зафарбек Камилов (48 кг чейин) - күмүш
  • Алмаз Орозбеков (67кг чейин) –күмүш
  • Мухаммадазиз Закиров (80 кг чейин) - күмүш
  • Эмир Кылычбеков (57 кг чейин) – күмүш

Тайбокс

  • Руслан Данияр уулу ( 67 кг чейин) - коло
  • Алмагүл Жоробекова (51 кг чейин) – коло
  • Жеңишбек Парпы уулу (51 кг) - коло
  • Раатбек Нурмаматов (54 кг чейин) - коло
  • Адилет Календеров ( 57 кг чейин) – коло

Самбо

  • Кайрат Жусуп уулу (58 кг чейин) - күмүш
  • Жамалбек Асылбек уулу (88 кг чейин) – күмүш
  • Динара Камчыбекова ( 72 кг чейин) – коло
  • Акак Үсөн кызы (54 кг чейин) - коло

Каратэ

  • Екатерина Руренко (+68 кг) – коло

Кичи-футбол

  • Кыргызстандын кичи-футбол боюнча жаштар курамасы – күмүш

Белгилей кетсек, оюндарга спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышты.

Аталган мелдештерде 200дөн ашуун кыргыз спортчусу спорттун 17 түрү боюнча күчүн сынады.

Пикир

Оставить комментарий