• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Калмира Билимбекова баштаган спортчулар Түркиядагы эл аралык мелдешке катышат

Спорт 0

Бишкек, 28.04.23. /Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү Түркияда өтө турган Victory Cup and Champions эл аралык мелдешине катышат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 29-апрелден 4-майга чейин Анталия шаарында өтөт.

Курама команданын тизмеси:

1. Айдай Нурудинова, 62 кг;
2. Айтолкун Медет кызы, 57 кг;
3. Таңчолпон Кыбалбекова, 62 кг;
4. Калмира Билимбекова, 59 кг;
5. Гүлнур Таштанбекова, 68 кг;
6. Жаркынай Нурлан кызы, 62 кг;
7. Гүлдана Баатырбекова, 60 кг.

Белгилей кетсек, курама команда улук машыктыруучулар Нурсултан Аскарбеков жана Билимбек Капарбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Пикир

Оставить комментарий