• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык оор атлетчилер Азия чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек, 12.04.23. /Кабар/. Кыргызстандын оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Түштүк Кореяда өтө турган Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 19-апрелден 2-майга чейинки аралыкта Ченджу шаарында өтөт.

Курама команданын тизмеси:
1. Бекдөөлөт Расулбеков 102 кг;
2. Эмил Молдодосов 89 кг;
3. Изат Артыков 73 кг;
4. Ишенбек Муратбек уулу 67 кг.

Оор атлетика боюнча улуттук курама команда улук машыктыруучу Өмүржан Молдодосов жана башкы машыктыруучу Камбар Токтоналиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Пикир

Оставить комментарий