• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз жана Чуваш опера жана балет театрлары кызматташуу боюнча меморандумга кол койду

Маданият 0

Бишкек, 12.04.23. /Кабар/. Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры Россиянын Чебоксары шаарындагы Чуваш мамлекеттик опера жана балет театры менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында кыргыз театрынын башкы директору Алмаз Истамбаев билдирди.

Анын айтымында, ошондой эле Өзбекстандын Алишер Навои атындагы Чоң театры менен дагы меморандум түзүлгөн.

“Театрдын оркестри кийинки жылы Кореядагы сахналардын бирине катышууга чакыруу алды”, - дейт ал.

Истамбаев 21-апрелде өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн музыкалык театрларынын ассоциациясынын башкы директорлорунун кеңейтилген жыйынына катышарын айтып, анда Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата “Саманчынын жолу” операсын Чоң театрдын сахнасында коюу өтүнүчү менен расмий кайрыла турганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий