• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азат Салидинов Азия биринчилигинде күмүш медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Грек-рим күрөшүнүн балбаны (87 кг) Азат Салидинов Индияда өтүп жаткан Азия биринчилигинде күмүш медаль утту.

Ал финалдык беттеште индиялык балбан Кумар Сунил (Kumar Sunil) менен күрөшүп, атандашына 0:5 эсебинде утулуп калды.

Белгилей кетсек, андан мурдараак 77 килограмм салмакта кыргызстандык балбан Ренат Иляз уулу үчүнчү орун үчүн күрөшүп, коло байге уткан.

Алдыда 130 килограмм салмакта кыргызстандык балбан Роман Ким индиялык Сингх Мехар (Singh Mehar) менен үчүнчү орун үчүн күч сынашат.

Эскертке кетсек, Нью-Делиде (Индия) өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилиги 18-23-февраль күнү болуп өтөт.

Пикир

Оставить комментарий