• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Асрандиев: Бюджетти туура пландоо аны аткарууга оң таасирин тийгизет

Өкмөт 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Бюджетти туура пландоо аны жоготуусуз жана калдыксыз аткарууга оң таасирин тийгизет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев КР Финансы министрлигинин 2019-жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2020-жылдын милдеттерин талкуулаган коллегиясында билдирди.

Коллегияга КР өкмөтүнүн аппарат жетекчиси-министр Самат Кылжыев, КР Финансы министрлигине караштуу кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Өкмөт аппаратынын жетекчиси Самат Кылжыевдин ою боюнча, жалпысынан республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн көрсөткүчү жаман эмес.

«Негизинен бюджетти аткарууга таасир эте турган бир катар маселелер боюнча кемчиликтер бар. Мисалы, ресурстарды пландоо жана бөлүштүрүүдөгү иштер сапатсыз жүргүзүлүүдө. Салык органдарында Евразия экономикалык бирлигине мүчө-өлкөлөрдүн аймагындагы экономикалык абалдан улам киреше бөлүктү толтуруу боюнча тобокелдик болсо да, кирешенин кошумча булагын табуу боюнча кошумча чаралар кабыл алынган жок. Пландоло иштери сапатсыз болгон. Республикалык бюджетке олуттуу таасир эте турган ушул жана башка маанилүү маселелерди чечүү үчүн салык жана бажы жол-жоболорун фискалдаштыруу системасы киргизилүүдө. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, санариптештирүүнүн бул ыкмасы кошумча каражаттардын көлөмүн көбөйтүүнү шарттайт», - деди Кылжыев.

Ал эми Асрандиев белгилегендей, өлкөнүн келечегине таасир эте турган, чечиш керек болгон бир катар маселелер бар.

«Баарынан биринчи, бул мамлекеттик карыздарды төлөө. Быйыл биз 28,8 млрд сом төлөшүбүз керек. Жылдан-жылга төлөөнүн суммасы жогорулап турат. Сүйлөшүү жана конверсия жолу менен мамлекеттик карыздар боюнча төлөмдү кыскартуунун механизимдерин карап чыгуу зарыл. Мамлекеттик сатып алуулар системасын жакшыртуу маанилүү. Учурда бул механизм ата мекендик ишкерлерди өнүктүрүүгө жардам берүүдө. Ошол эле учурда электрондук портал аркылуу кызмат көрсөтүүдө маалыматтардын корголушунда тобокелдик чыгышы мүмкүн, бул порталды түзүүдөгү баштапкы максатка карама-каршы келет», - деди Асрандиев.

Вице-премьер-министр дотациядагы айыл өкмөттөрдүн санын кыскартуунун зарылдыгын белгиледи.

«2019-жылы республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге бөлүнгөн которуулары 3 млрд. сомду түздү. Анын 2 млрд. сому тегиздөөчү которууларга багытталган. Бирок жылда калдык калат, биз аларды башка социалдык керектөөлөргө жумшоо мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бул эсептөө так жүргүзүлбөрүн айтып турат. Ошондуктан эсептөөнүн ыкмасын жакшыртуу зарыл, ошондой эле 40 айыл өкмөттү дотациядан чыгаруу менен 2020-жылга коюлган милдеттерди аткаруу керек», - деди ал.

Коллегиянын соңунда Асрандиев 2020-жылды премьер-министр мамлекеттик кызматкерлер үчүн финансылык тартип жылы деп жарыялаганын белгиледи.

Финансы министрлигине бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууну шарттай турган бир катар факторлорду эске алуу менен, бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн планына корголгон статьяларды кошпогондо кечиктирилбес, өтө маанилүү долбоорлорду каржылоонун артыкчылыктуу тартипте кароо тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий