• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык балбан Роман Ким Азия биринчилигинде коло байге утту

Спорт 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Грек-рим күрөшүнүн балбаны (130 кг) Роман Ким Индияда өтүп жаткан Азия биринчилигинде коло байгелүү болду.

Кыргызстандык балбан коло үчүн кармашта индиялык Сингх Мехар (Singh Mehar) менен күч сынашып, индиялык балбанды 3:2 эсебинде утуп алды.

Белгилей кетсек, андан мурдараак 77 килограмм салмакта Ренат Иляз уулу үчүнчү орун үчүн күрөшүп, коло байге уткан. Андан кийин 87 килограмм салмакта күрөшкөн Азат Салидинов күмүш байгелүү болгон.

Эскертке кетсек, Нью-Делиде (Индия) өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилиги 18-23-февраль күнү болуп өтөт.

Пикир

Оставить комментарий