• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын футзал боюнча курамасы Барселонада окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 28.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы Испаниянын Барселона шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйын 29-январда башталып, 10-февралга чейин уланат. Анын алкагында курама жергиликтүү клубдар менен бир нече контролдук беттештерди өткөрөт.

Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Луис Бернат Молина жыйынга 15 талаа оюнчу жана 3 дарбазачы чакырды, анын арасында Кыргызстандын жарандыгын алып жаткан Филипе Де Соуза дагы бар.

Ошондой эле, машыктыруучулар штабынын курамында да өзгөрүүлөр орун алды. Испаниялык адис Марк Сагрера жаңы дарбазачылардын машыктыруучусу болуп дайындалды.

Бул окуу-машыгуу жыйыны 2024 жылы 17-28 апрель күндөрү Таиландда өтө турчу Азия Кубогуна даярдыктын экинчи этабы болуп саналат.

Футзал боюнча улуттук кураманын окуу-машыгуу жыйынына болгон курамасы

Пикир

Оставить комментарий