• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэриясы “Тулпар” долбоору боюнча швейцариялык компания менен кошумча келишим түздү

Коом 0

Бишкек, 28.01.24./Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы "Тулпар" долбоору боюнча швейцариялык BPC AG компаниясы менен кошумча келишим түздү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эми “Тулпар” долбоорунун жарымы муниципалитетке тиешелүү. Бул муниципалдык транспортто иштеп жаткан техниканын иштешине бирдей көзөмөл жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Бул долбоор муниципалитеттин аракети жана биргелешкен кызматташуунун жыйынтыгында натыйжалуу болду. Мисалы, долбоордун башында күнүнө 9-10 миң транзакцияны түзсө, учурда 370 миңге жакын. Бул жүргүнчүлөрдү ташуу, акча агымы жана транспорттук иш-аракеттердин толук маалыматын берет.

Электрондук билеттер системасы BPC AG менен өнөктөштүктүн алкагында Бишкектен кийин Кыргызстандын башка шаарларында да ишке ашырылышы мүмкүн. Мындай жол менен Бишкек шаарынын мэриясы борборду көрктөндүрүү үчүн кошумча каражаттарды тартып, ошондой эле шаарларга транспорт тармагындагы инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга жардам бере алат.

Белгилей кетсек, муниципалдык транспортто накталай эмес төлөмдөргө өтүү үчүн 2019-жылы борбор калаанын мэриясы швейцариялык BPC AG компаниясы менен келишим түзгөн. 2020-жылдын 1-мартынан тарта "Тулпар" системасы ишке киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий