• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ кар көчкү түшүү коркунучу жогору болгон аймактар тууралуу билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 28.01.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) караштуу Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө караганда, 29нан 31-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү ыктымалдыгы жогору.

Бул күндөрү жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Кар көчкү түшүү коркунучу жогору болгон аймактар:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусу, 198-255-чакырымдарындагы Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;
  • Мырзаке —Кара-Кулжа — Алайку унаа жолу;
  • 55-115-чакырымдарындагы Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-48, 74-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусу;
  • Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык унаа жолунун 97-98-чакырымдар;
  • Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарындагыЧапчыма ашуусу;
  • Красная-Горка — Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдары.

ӨКМ алыс жолго аттанган айдоочуларды жолдо этият болууга чакырат. Өзгөчө кырдаал катталса, же күбө болсоңуз "112" кызматына байланышыңыз. Чалуу күнү-түнү кабыл алынат жана акысыз.

Пикир

Оставить комментарий