• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сот Р.Матраимовдун кызматка кайтаруу боюнча доосун канааттандырды

Коом 0

Бишкек, 25.07.18. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май райондук соту Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун кызматтан алынуусу боюнча мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун чечимине каршы доосун канааттандырды.

Аталган чечимди судья Алмаз Алыбаев кабыл алган.

Соттун жүрүшүндө Матраимовдун жактоочусу Татьяна Карыжинская анын кардары кызматтан саясий мотивдерге байланыштуу алынгандыгын билдирген.

Р.Матраимов "Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү" мыйзамдын 47-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык ишенбөөчүлүк көрсөтүлүп кызматтан алынган.

Матраимов Райымбек Ысмаилович 2017-жылдын 23-ноябрында мурдагы премьер-министр С.Исаков кол койгон буйрукка ылайык, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий