• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына тандоо: Ошто алыш күрөшү боюнча Азия чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 17.05.22. /Кабар/. Ош шаарында 21-23-майда алыш күрөшү боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш А.Сүйүмбаев атындагы стадионунда өтүп, ага 14 өлкөдөн: Афганистан, Индия, Индонезия, Иран, Казакстан, Түштүк Корея, Монголия, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Филиппин жана Япониядан жалпы 300 спортчу катышат.

Чемпионатта 18 жаш жана андан жогору курактагы эркектер, кыз-келиндер арасында 24 комплект медаль ойнотулат. Балбандар төмөнкү салмакта күч сынашат:

Эркектер арасында (эркин түрү) 60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг, +100 кг;
Эркектер арасында (классикалык түрү) 60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг, +100 кг;
Кыз-келиндер арасында (эркин түрү) 55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг, +75 кг;
Кыз-келиндер арасында (классикалык түрү) 55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг, +75 кг.

Белгилей кетсек, чемпионаттын жыйынтыгы менен Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына тандоо жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий