• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын облусу менен Кашгар округу соода-экономикалык байланыштарды бекемдейт

Коом 0

Бишкек, 28.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 28-апрелде президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов Кытайдын Кашгар аймагынан келген расмий делегация менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууга өкүлчүлүктүн жооптуу кызматкерлери, район акимдери, "Нарын" эркин экономикалык аймагынын жетекчилиги, ал эми Кытай тараптан Кашгар округунун губернаторунун орун басары Цяо Сянхуа, "Кашгар" эркин экономикалык аймагынын жана комплекстүү бондалык аймагынын жетекчилери, ири ишкерлери катышты.

Жолугушууда Нарын облусу менен Кашкар округунун ортосунда соода-экономикалык байланышты бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Нарын облусунун экономикалык потенциалы, "Нарын" жана "Кашгар" эркин экономикалык аймактарынын мүмкүнчүлүктөрү боюнча презентациялар жасалды.

Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Нарынга "Кашгар'" ЭЭАнын Кашгарга "Нарын" ЭЭАнын өкүлчүлүктөрүн ачуу макулдашылды. Бондалык аймактар боюнча иштерди улантуу, жүк өткөрүүнүн сапатын жакшыртуу, импорт-экспорт, соода-экономикалык байланышты бекемдөө жаатында кызматташтыкты арттыруу боюнча кеңири сөз болду.

Белгилей кетсек, буга чейин Кашгар округунун өкүлдөрү Бишкек шаарында КР Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү менен жолугуп, соода-экономикалык кызматташтык багытында сүйлөшүүлөр жүргөн. Кыргызстан менен Кытайдын ишкерлеринин ортосунда бир катар кызматташуу келишимдери түзүлгөн. Ошондой эле 2023-жылдын июнь айында Кашгарда өткөрүлө турган Борбордук Азия жана Түштүк Азия соода жарманкеси тууралуу маалымат берилген.

Пикир

Оставить комментарий