• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ашырбек Темирбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Коом 0

Бишкек, 17.07.19. /Кабар/. Бишкекте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү Ашырбек Темирбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Ашырбек Темирбаев өз өлкөсүнүн чыныгы патриоту, билимин жана топтогон тажрыйбасын республиканы өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө арнаган мамлекеттик кызматкер болгон.

«Ашырбек Мойдунович чынчылдыгы, эмгекчилдиги менен өзгөчөлөнүп турчу. Ооруканада дарыланып жатса дагы ал иш-кагаздарын карап, бардыгын ак ниеттүүлүк менен өз убагында аткарып келди. Ал өлкөнүн келечеги үчүн тынчсызданган чыныгы патриот. Мамлекетти өнүктүрүүгө зор салымын кошту. Ашырбек Мойдунович өзүнүн жооптуу кызматында туруп аткаруу бийлигинин жана мыйзам чыгаруу бийлик бутагынын ортосунда көпүрө болчу, анын иши аркылуу парламент менен узак мөөнөттүү мамилелер курулган. Ашырбек Мойдунович мамлекеттик кызматтын үлгүсү болуп калды. Бул биз үчүн жана өлкөбүз үчүн оор жоготуу», – деди Өкмөт башчы.

Акыркы сапарга узатуу иш-чарасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси Досалы Эсеналиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин вице-спикери Мирлан Бакиров сөз сүйлөштү.

Пикир

Оставить комментарий