• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Космонавт Сергей Корсаков Бишкекте мекендештери менен жолугушат

Коом 0

Бишкек, 11.04.23. /Кабар/. Космонавт Сергей Корсаков туулган шаары Бишкекте мекендештери менен жолугушат.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, Космонавтика күнүнө жана Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата борбор калаада 12-апрелден 13-апрелге чейин Сергей Корсаковдун катышуусунда бир катар иш-чаралар өткөрүлөт.

12-апрель

- 09:00дө №25 мектептин жанындагы Юрий Гагариндин бюстуна жана БМУнун имаратындагы мемориалдык тактага гүл коюу иш-чарасы;
-14:30да №24 мектептин мугалимдери жана окуучулары менен жолугушуу;
- 15:30да жолугушуу борбордун мектеп окуучуларынын арасында өткөн дил баяндар конкурсунун жеңүүчүлөрү менен С.В. Корсаковдун жолугушуусу;
- 18:00дө Россиянын Борбордук аскер округунун ансамблинин концерти.

13-апрель

- 09:00дө КР Улуттук илимдер академиясынын жетекчилиги жана алдыңкы окумуштуулар менен жолугушуу;
- 17:00дө "Жылдыздарга жол Бишкектен башталат" Улуттук тарых музейинде Сергей Корсаков менен ачык жолугушуу;
- 18:00дө КР Улуттук тарых музейинде "Биринчилердин мезгили" тасмасы көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, Ю.А.Гагарин атындагы илимий изилдөө институтунун россиялык сыноочу-космонавты Сергей Корсаков 1984-жылы 1-сентябрда Фрунзе, азыркы Бишкек шаарында туулган. СССРдин/Россиянын 127-космонавты СССРдин/Россиянын космосто 129-жараны.

Ал 2022-жылдын 18-мартында Байконур космодромунан №1 кеменин бортинженери катары «Союз МС-21» транспорттук башкарылган космостук кемеси менен Эл аралык космос станциясына учурулган. Жерге 2022-жылдын 29-сентябрында кайтып келген. Учуунун узактыгы 194 күндөн ашык болгон.

Пикир

Оставить комментарий