• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте өлкөдөгү электрондук коммерция рыногун өнүктүрүүгө багытталган форум өтөт

Экономика 0

Бишкек, 20.10.22. /Кабар/. Бишкекте 21-октябрда e-Commerce EXPO 2022 электрондук коммерция форуму өтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, форум КРнын Электрондук коммерция ассоциациясы, Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан иш-чаранын башкы өнөктөшү – санариптик төлөм тармагындагы дүйнөлүк лидер жана GLOVOнун расмий өнөктөшү Visa компаниясынын колдоосу менен уюштурулууда.

Эртеңки иш-чаранын башкы максаты Кыргызстандагы электрондук коммерция рыногун өнүктүрүү болуп саналат. Форумда эң ири эл аралык электрондук коммерция компаниялардын өкүлдөрү сөз сүйлөшөт.

Электрондук коммерция ассоциациясы – Кыргызстанда электрондук коммерцияны өнүктүрүү боюнча иш алып барган компаниялардын тобу. Ассоциациянын негизги максаты – Кыргызстандагы онлайн бизнестин кызыкчылыктарын коргоо, онлайн бизнеске дүйнөлүк рынокко чыгуу үчүн эксперттик колдоо көрсөтүү жана ассоциация мүчөлөрүнүн ортосунда тармактык платформа түзүү.

E-Commerce EXPO 2022 көргөзмөсүндө Visa, Glovo, Wildberries, Halyk Bank, OZON, Alibaba сыяктуу ири компаниялардын өкүлдөрү жана башка эксперттер чыгып сүйлөп, алар төмөнкүлөрдү айтып беришет:
- маркетплейс жөнүндө;
- финансылык төлөмдөр жөнүндө;
- транспорттук логистика жөнүндө;
- инфраструктура жөнүндө;
- эл аралык платформаларда соода жүргүзүү тажрыйбасы жөнүндө.

Бул форум кеңири аудиторияны, ири бизнести онлайн жана офлайн стратегияларын диверсификациялоо жагынан, чакан жана орто бизнести аудиториясын кеңейтүү жана сатуу рыногун кеңейтүү жагынан кызыктырат.

Катышуучулар алган жаңы билимдерин, инструменттерин жана ыкмаларын колдоно алышат, чет элдик жерлерде спикерлердин тажрыйбасын кайталай алышат жана өз бизнеси үчүн жаңы чечимдерди сынап көрүшөт.

Пикир

Оставить комментарий