• 88.68
  • 95
  • 0.95

МСК: 1-июлдан тартып маркаланбаган акциздик товарлардын калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат

Экономика 0

Бишкек, 29.06.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы токтомуна ылайык, 2023-жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстандын аймагында маркаланбаган акциздик товарлардын калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат.

Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, буга төмөнкү товарлар кирет:

– ТЭИ ТН 2203 товардык позициясына кирген сыра (куюлган жана куюлбаган);

– электрондук сигареттерде пайдалануу үчүн картридждердеги, резервуарлардагы жана башка контейнерлердеги никотин камтыган суюктук (ТЭИ ТН 2404);

– бир корпустагы никотин суюктугу менен никотинди жеткирүүнүн бир жолку электрондук системалары (ТЭИ ТН 2404);

– электрондук сигареттер жана ушул сыяктуу никотин жеткирүү үчүн арналган жекече электрдик буулануучу түзүлүштөр (ТЭИ ТН 8543 40 0000);

– ысытылган тамекиси бар заттар (ТЭИ ТН 2404).

Маркаланууга тийиш болгон товарларды акциздик маркаларды же идентификациялоо каражаттарын товарга жана/же таңгагына чаптабастан өндүрүү, импорттоо, ташып келүү, сактоо жана сатуу, ага тете идентификациялоо каражаттарын пайдалануунун белгиленген тартибин, жана/же эрежелерин бузуу, эгерде мындай укук бузуу кылмыштын белгилерин камтыбаса айып салынат. Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жеке жактарга 20 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 65 миң сом айып салынат.

Ушуга байланыштуу, Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жогоруда аталган токтомуна ылайык өндүрүмдү өз убагында маркалоо зарылдыгын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий