• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тажикстандын кол салуусу. Баткендиктердин 36,2 млн сом насыясы жоюлду

Экономика 0

Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. Улуттук банк Тажикстандын Кыргзстанга куралдуу кол салуусунан жабыркаган Баткен жана Ош облустарындагы жабыркаган карыз алуучуларга финансы-кредит уюмдары тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат берди.

2023-жылдын 28-февралына карата финансы-кредит уюмдарына 514 карыз алуучу кайрылган, 36,2 млн сом суммасында 377 кредит жоюлган, 66,5 млн сом суммасында 227 кредит реструктуризацияланган.

Эске салсак, 2022-жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун чек ара заставаларына жана калктуу конуштарына куралдуу кол салган.

Тажикстандын куралдуу кол салуусунун кесепетинен КР Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматтары боюнча, 63 адам курман болуп, 198 адам жабыркаган. Ошондой эле турак жайлар, социалдык объектилер талкаланган.

Пикир

Оставить комментарий