• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз жана россиялык тарап бир катар документтерге кол коюшту

Экономика 0

Бишкек, 28.03.19. /Кабар/. Кыргыз жана россиялык тарап бир катар документтерге кол коюшту.

Кол коюлган документтер:

- Кыргызстан менен Башкортостан Республикасынын (Россия Федерациясы) өкмөттөрү ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык, экологиялык, гуманитардык жана маданий тармактарда кызматташуу тууралуу Макулдашуу;

- Кыргызстан менен Коми Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосунда соода-экономикалык, социалдык-маданий кызматташтык жөнүндө Макулдашуу;

- Кыргызстан менен Свердлов облусунун өкмөттөрүнүн ортосунда илимий-техникалык, социалдык-гуманитардык, соода-экономика тармактарында тышкы экономикалык жана эл аралык байланыштарды ишке ашыруу жөнүндө Макулдашуу;

- Кыргызстан менен Тюмень облусунун өкмөттөрүнүн ортосунда илимий-техникалык, социалдык-гуманитардык, соода-экономикалык кызматташтык тууралуу Макулдашуу;

- Кыргызстандын экономика министрлиги менен Евразиялык өнүктүрүү банкынын ортосунда кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандуму;

Аны менен бирге Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик ишканалары, мекемелер, агенттиктер, фонддору ортосунда кызматташтык боюнча документтерге кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий