• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстанда 2 миңден ашык дыйкан дотация боюнча эгин себүү үчүн үрөн алган

Экономика 0

Бишкек, 30.08.22. /Кабар/. Кыргызстанда дотация боюнча үрөн алган дыйкан жана фермерлердин саны 2 197 адамды түздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын түшүмү үчүн мамлекеттик дотацияны ишке ашыруу боюнча жазгы айдап-себүү иштерине 41,2 миллион сом пландалган. Ал эми артыкчылыктуу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн катарына күздүк жана жаздык буудай, арпа, кант кызылчасы, картошка, пахта, жүгөрү, төө буурчак, беде жана эспарцет киргизилген.

Натыйжада жазгы айдап-себүү иштерине жалпысынан 2172,1 тонна таркатылган, бул 36,3 млн сомду түзгөн.

"Анын ичинен 9,057 млн ​​сомго 657,4 тонна буудай үрөнү, 14,4 млн сомго 1094,0 тонна арпа үрөнү, жүгөрү үрөнү 44,4 тонна 4,0 млн сомго, эспарцет 9,0 тонна 324 миң сомго, пахта үрөнү 45,8 тонна 1,06 млн сомго таркатылды", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, дотация боюнча үрөн алган дыйкан жана фермерлердин саны 2 197 адамды түздү.

Пикир

Оставить комментарий