• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош облустук кан борбору электр генератору менен камсыз болду

Аймак 0

Бишкек, 30.08.22. /Кабар/. Ош облустук кан борбору жаңы электр генератору менен камсыз болду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине өкүлдүн биринчи орун басары Данияр Жаныкулов, Саламаттык сактоо тармагынын Ош облусундагы координатору жана медицина кызматкерлери катышты.

Жаңы алынган электр генератору аркылуу Ош облустук кан борборундагы көйгөйлүү маселелердин бири чечилди. Буга чейин электр жарыгы узак убакытка өчүп калган маалда (6-8 саат) кан жана анын компоненттери сакталган төмөнкү температурадагы камералык түзүлүштөрдүн блокторун үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн кубаттуу генераторду сатып алуу муктаждыгы пайда болгон.

Электр генераторун “Кумтөр Голд Компани” ААК тарабынан алынып берилди, кубатуулугу 100 кВт Ош облустук кан борбору Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын калкын тейлейт.

Пикир

Оставить комментарий