• 88.68
  • 95
  • 0.95

«Ак-Бата» конушунда жалпы билим берүү мектебинин кошумча имараты курулууда

Коом 0


Бишкек, 30.08.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ак-Бата конушундагы №43 жалпы билим берүүчү мектептин кошумча окуу корпусунун курулушу аяктоодо. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кошумча имаратта окуу залы, китепкана, архив, мугалимдер бөлмөсү жана спорт залы каралган.

Курулуштун жалпы аянты – 651,71 чарчы метр. Жаңы билим уясы Бишкекте курулуп жаткан 15 мектептин бири.

Мектептин жаңы окуу корпусу 1-сентябрда пайдаланууга берилет.

Пикир

Оставить комментарий