• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 4,75 пайыз деңгээлинде калтырды

Экономика 0

Бишкек, 27.11.18. /Кабар/. КР Улуттук банкынын башкармалыгы жакында эсептик чен өлчөмүн 4,75 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, инфляция жалпы баа деңгээлинин өткөн үч чейрек катары менен төмөнкү деңгээлде сакталышын тастыктоо менен туруктуу сакталууда.

"Керектөө баа деңгээлинин жылдык өсүш арымы ноябрь айында (16сына карата) 0,2 пайызды түзгөн. Өлкөдө инфляциянын төмөн чекте сакталышына ичтен өндүрүлгөн сыяктуу эле, иморттолуп алынган азык-түлүк товарларынын жетиштүү сунушталышынан улам, аталган товарларга баанын төмөндөшү түрткү берген. Азык-түлүктөн башка товарларга баанын өсүш арымы да алгылыктуу чекте сакталууда", - деп билдирди ал.

Ал билдиргендей, ички дүң өнүмдө терс ажырымдын сакталышы тышкы туруктуу инфляциялык жагдайдын өкүм сүрүп турушу менен биргеликте, өтүп жаткан жылда инфляциянын төмөн деңгээлде чектелишине өбөлгө түзгөн.

"Жыл аягына чейин да инфляция Улуттук банк буга чейин жарыялаган чекте сакталып, 2,0 пайызга жетиши болжолдонууда. Тышкы жана ички таасирлер орун албаган шартта, өлкөдө жана региондо экономикалык жигердүүлүктүн бара-бара күч алышы 2019-жылдын орто ченинде инфляциянын 5-7 пайыз чегиндеги максаттуу көрсөткүчкө жетишине шарт түзөт", - деди Абдыгулов.

Абдыгулов маалымдагандай, өлкөдөгү экономикалык жигердүүлүк өнөр жайы, маалымат жана байланыш чөйрөсүн эске албаганда, экономиканын бардык секторлорунун ага алгылыктуу салым кошуусу менен коштолууда.

Пикир

Оставить комментарий