• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

РКӨФ: 2018-жылы 42,4 млн. долларга 55 долбоор каржыланды

Экономика 0

Бишкек, 19.03.19. /Кабар/. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) тарабынан 303,9 млн. долларга долбоорлор каржыланган. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтуусунда, долбоор иштей баштагандан тарта бардыгы болуп 1 миң 653 долбоор жактырылган.

"Алардын ичинен 2%ы ири бизнес, 98% - орто жана чакан бизнес. Эгерде сумма туууралуу айта турган болсок, анда 52,6% агро өнөр жай комплекс тармагына кеткен, туризм - 11,%, транспорт жана логистика - 12,4%, инфраструктураны өнүктүрүү - 11,6%, байланыш жана ИТ - 1,6%, финансы ишмердиги - 0,9%, банк жана башка тармактар - 9,1%", -деп билдирди ал.

Асрандиев белгилегендей, региондор арасында Бишкек алдыда - 89,7%га 341 долбоор, Каракол - 21,5 млн. долларга 337 долбоор, Ош 29,1 млн. долларга 301 долбоор, Талас - 2,1 млн. долларга 42 долбоор, Жалал-Абад 12,2 млн. долларга 211 долбоор, Баткен 2,3 млн. долларга 63 долбоор.

Бардыгы болуп 2018-жылы 42,4 млн. долларга 55 долбоор каржыланган.

"Себеби, Кыргызстанда 2018-жылы бизнес болжол менен сентябрь айында гана активдүү боло баштады. Көпчүлүк долбоорлор болсо бизге жыл айында гана келди. Биз ТОП - 200 ири компанияны алып, алардын өкүлдөрү менен жолуктук. Ошондой эле биз Мамлекеттик салык кызматынан или салык төлөөчүлөрдүн тизмесин сурап, алар менен да жумуш өткөрдүк", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий